Ош шаарында жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Жакынкы 10 күндүн ичинде 7 көчөдө жалпы 10 чакырымдай жол асфальтталып, пайдаланууга берилери маалымдалды.
Шаар мэри Жанарбек Акаев жол объектилерин кыдырып, курулуштун жүрүшүн жана иштердин сапатын текшерди.
Асфальт төшөлө турган көчөлөрдүн арасында Төлөнов, Курманжан датка көчөлөрү, ошондой эле “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №101 жана №111 көчөлөр бар.
Мындан тышкары, Г.Айтиев менен Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Көпүрөнү Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландалууда.
Ал эми Б.Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгүндөгү иштер уланууда. Бул тилкени октябрь айында пайдаланууга берүү күтүлүүдө.
Жол курулуштарын өз мөөнөтүндө бүткөрүү үчүн жумушчулар эки нөөмөт менен иштеп жатышат.