Окуучуларды коркутуп акча талап кылып жүргөн мектеп рэкетинин иши иликтенүүдө 

Окуучуларды коркутуп акча талап кылып жүргөн мектеп рэкети кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 31-январда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын тургуну Т.Рамиса милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2013-жылдын декабрь айынан бери анын инисин чоң класстын окуучусу коркутуп акча алып турганы айтылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин негизинде Бишкек шаарынын тургуну Бексултан кармалган. Бул иш боюнча тергөө башталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан