Бүгүн, 17-августта, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ош облусундагы стратегиялык маанидеги жол-курулуш объектилеринин абалы жеринен текшерилди.
Өзгөчө көңүл Ош–Сары-Таш–Эркештам эл аралык унаа жолундагы Талдык ашуусуна болжол менен 3,2 чакырым узундуктагы тоннель куруу долбооруна бурулду.
Маалыматка ылайык, учурда долбоорду ишке ашырууга даярдык жана уюштуруу иштери жүрүп жатат. Тоннелдин негизги курулуш иштери 2027-жылы башталат.
Тоннелдин курулушу кыш мезгилинде жол кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздап, транспорттук коопсуздукту жогорулатууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, Гүлчө шаарындагы Алымбек датка көчөсүнүн 3,7 чакырымдык бөлүгүн жана Ылай-Талаа–Гүлчө жолунун 54 чакырымдык тилкесин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү каралды.
Ошондой эле Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолун куруу жана реконструкциялоо маселелери талкууланды.