Израилдин согуштук авиациясы жана артиллериясы дүйшөмбү күнү Ливандын түштүгүндөгү бир катар калктуу конуштарга сокку урду. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттигине Ливандын аскердик талаа булагы билдирди.
Маалыматка караганда, Израилдин авиациясы Эль-Мансури аймагына бир нече жолу сокку урган. Ошол эле учурда артиллерия Зоутар-эш-Шаркия жана Ливандын түштүгүндөгү башка райондорду аткылаган.
Ошондой эле Израилдин учкучсуз учуучу аппараты Набатия-эль-Фауканын четиндеги Эд-Дабша аймагына жардыргыч заттарды таштаган.
Мындан тышкары, Айтарун айылы да артиллериялык аткылоого кабылган. Бул багытта Израилдин аскерлери пулемёттордон да ок чыгарганы айтылды.
Буга чейин БУУнун Ливандагы убактылуу күчтөрү өлкөнүн түштүгүндө Израил тараптан аткылоо учурлары көбөйгөнүн билдирген.