
Бүгүн, 18 августта саат 02:21де Ысык-Көлдүн аймагында жер титиреди.
Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Көөлү кырка тоосунда, Май-Саз айылынан 22 чакырым түштүк-батышта, Каракол шаарынан 52 чакырым түштүк-чыгышта жайгашып, күчү 3 баллды түзгөн.
Калк жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү cезилген жок.