
18-19-августта Ош шаарында Курманжан датка көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Джиннах көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды.
Мэриядан маалымдашкандай, аталган тилкеде жолго асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлөт.
Мекеме унаа ээлеринен сапар багыттарын алдын ала пландап алууга чакырат.