Тоң районунда браконьерликке шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 17-августта түнү саат 04:15 чамасында "Аалам-Ордо" участогунда балык кармап жүргөн жеринен колго түшүшкөн. Шектүүлөрдүн бири 61 жаштагы тоңдук болсо, бири 47 жаштагы нарындык.
Алардан 50 даана чебак, 13 даана судак балыктары, 6 даана синтетикалык тор, үйлөмө кайык алынган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Мыйзамсыз аңчылык кылуу же болбосо балыктарды уулоо, жана суу жаныбарларын мыйзамсыз олжолоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишип, тергөө иштери уланууда.