Биз социалдык тармакта

Чүйдө милициянын кызматтык унаасы катышкан окуя боюнча текшерүү жүрүүдө

Чүйдө милициянын кызматтык автоунаасын катардагы жаран башкарып жүргөн факт боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 18-августта облустук Жол милициясы билдирди.

Кечээ, 17-августта социалдык тармактарда милициянын кызматтык унаасын кызматтык формасы жок жаран башкарып бара жатканы тартылган видео тараган.

"Аталган окуя боюнча облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында кызматтык текшерүү дайындалып, учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Ал автоунаа Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына таандык экендиги аныкталды. Учурда окуянын жагдайлары такталууда",- дешти мекемеден.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан