Курулуш министрлиги Бишкек - Ош жана Өзгөн - Кара-Кулжа унаа жолдорунун жээктеринде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткан 25 соода жана тейлөө объектин аныктады. Алардын ичинен:
- 11 жеңил типтеги дүкөн;
- 5 чарбалык товарлар дүкөнү;
- 6 тез тамактануучу жай;
- 3 чачтарач.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилди.