Биз социалдык тармакта

Унаага итти сүйрөтүп алган жаран милицияга жеткирилди (видео)

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Бишкек шаарында унаага итти сүйрөтүп алган жарандын видеосу боюнча чара көрдү.

Маалымдалгандай, аталган видео соцтармакка кечээ, 17-августта жарыяланган. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, иттин ээси милицияга жеткирилген.

Иттин ээсинин айтымында, итти айылга алып бара жаткан учурда ал унаадан секирип түшүп кеткен. Коопсуз жерге токтоп, жаныбарды кайрадан унаага отургузуу үчүн ал бир нече метр жүрүп барып токтоого аргасыз болгон.

Унаага итти сүйрөтүп алган жаран милицияга жеткирилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан