Быйыл өлкө боюнча 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, алар үчүн жалпы 683 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Анын ичинен Баткенде – 4, Нарында – 6, Чүйдө – 10, Ысык-Көлдө – 8, Ошто – 17, Жалал-Абадда – 2 жана Таласта - 18.