Кечээ, 17-августта социалдык тармактарда Венгриядан келген Фодиагнес аттуу айымдын "Сары ой" чыгармасын комуздун коштоосунда аткарып жаткан видеосу тарады.
Тасмадан чет өлкөлүк айым кыргызча ырдап, комузду да мыкты чертип жатканы көрүнөт. Өзгөчө анын кыргыз тилинде так ырдаганы колдонуучулардын көңүлүн бурган.
Чет өлкөлүк айымдын кыргыздын улуттук аспабын өздөштүрүп, элдик ырды аткарганы социалдык тармакта жылуу пикирлерди жаратты. Колдонуучулар анын аткаруусуна суктанып, кыргыз маданиятына болгон кызыгуусун жогору баалашууда.