Биз социалдык тармакта

Ошто бала бакча жетекчиси пара алууга шектелип кармалды

Ош шаарындагы "Жибек" бала бакчасынын жетекчиси пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу аталган бала бакчага тарбиячы болуп ишке орношуу үчүн шектүүгө 25 миң сом берген. Ал 20 миң сомду Мбанк эсебине которгон. Кийин эмгек акы алган учурда 5000 сомду жетекчиге анын иш бөлмөсүндө карматкан.
Бул факт боюнча жабырлануучу кечээ, 17-августта милицияга арыз жазып, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү ошол эле күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан