Бүгүн, 19-августта Кытайдын жеке космостук компаниясы LandSpace "Чжуцюэ-3" ракетасы учурулуп, кайра ийгиликтүү конду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Кытай үчүн бул кайра колдонулуучу ракеталар тармагындагы маанилүү жетишкендиктеринин бирине айланды.
Ракета Цзюцюань космодромундагы "Дунфэн" аянтчасынан Пекин убактысы боюнча саат 07:35те учурулган. Биринчи баскыч Ганьсу провинциясынын Миньцинь уездиндеги атайын аянтчага ийгиликтүү конду.
Ал эми экинчи баскыч өз милдетин аткарып, "Хунху-3" спутнигин белгиленген орбитага чыгарды.