АКШ. Калифорнияда өз үйүндө 400гө жакын жыланды кармаган мугалимге чара көрүлөт

Калифорнияда өз үйүндө 400гө жакын жыланды кармаган мугалим жазага тартылат. Жаныбарлардын жарымы өлүк экени аныкталган. 

Бул тууралуу 31-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 53 жаштагы  Уильям Бачмэн жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылган деп шектелүүдө. Үйдө жыландардан сырткары  келемиш, чычкандар да болгон. Алар желим идиште күн кечирип, бирин-бири жегенге чейин барышкан.  

Кошуналарын жаман жытты айтып арыз жазышкандан соң полиция текшерип келген. Бирок, Бачмэн үйүнө киргизүүдөн баш тарткан. Укук коргоо органдары соттон тинтүүгө уруксат алышкан.

Уильям Бачмэн мектептеги башталгыч класстарга сабак берип келген. Кошуналарынын айтымында, апасы каза болгондон кийин чүнчүп кетип, жалгыз жашоо образына өтүп алган. Жаныбарларды көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, ал жыландын жаңы түрүн пайда кылуу үчүн эки башка топтогу жандыктарды бириктирүү менен алектенген.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sterva
2014-01-31 16:17:39
Фууууу
0
KaSuBa
2014-02-05 12:27:34
Айтпа...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан