
Кыргызстандын аймагында бүгүн, 19-августта саат 04:53тө очогунда күчү 4 балл тегерегинде жер титирөө катталды.
Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Каракол шаарынан 165 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү cезилген эмес.