Ош облусунун Кара-Суу районунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөн үч чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул туурлуу бүгүн, 19-августта облстук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, алар чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, райондогу айылдардын биринде жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында үч жаран кармалып, аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси боюнча кылмыш иштери козголду.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарды чек арадан мыйзамсыз өткөрүүнү уюштурган адам аныкталып, ага карата мыйзамсыз миграцияны уюштуруу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө уланууда.