Биз социалдык тармакта

Ушинтип да алдайбы? Бишкектикти сызга отургузган жаран кармалды 

Бишкекте өзгөчө ири алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жабырлануучунун ишенимине кирип, анын менчигиндеги батирди убактылуу өз атына өткөртүп, андан соң батирди башкага сатып жиберген. Натыйжада арыздануучу 4 миллион 810 миң 892 сом чыгым тарткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан