Биз социалдык тармакта

Куткаруучулар Жаңы-Арык айылынын 76 жаштагы тургунун табышты (видео)

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын 76 жаштагы тургуну балык уулоого чыгып, дайынсыз жоголуп кеткен жаран табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта ӨКМдин маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, аны издөө иштерине ӨКМдин 25 куткаруучусу, милиция кызматкерлери жана туугандары тартылган. Издөө көлдүн ичинде, жээгинде жана дрондун жардамы менен жүргүзүлгөн.

"18-августка караган түнү куткаруучулар жоголгон жаранды Каракол шаарында жол жээгинен аман-эсен табышкан. Анын абалы жакшы экени айтылды. Жаран туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп кошумчаланды маалыматта.

Куткаруучулар Жаңы-Арык айылынын 76 жаштагы тургунун табышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан