"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы жүргүнчү №40 автобустун терезесине таш ыргытып сындырганын билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, 9-августта автобус белгиленбеген жерде токтобой, өз багыты боюнча жүрүп бара жаткан учурда жүргүнчү тарабынан автобустун терезесине таш ыргытылган. Натыйжада автобустун терезеси сынган.
Окуя боюнча тиешелүү материалдар такталып, укук коргоо органдарына өткөрүлдү.