Бишкекте 22-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин акыркы репетициясына байланыштуу айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, чектөө саат 10:00дөн 19:00гө чейин "Бишкек Аренага" жакын аймактарда киргизилет.
– Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;
– Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди (Муромская) көчөсүнө чейин;
– Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;
– Махатма Ганди көчөсү — Аалы Токомбаев проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.
Муниципалитет шаар тургундарын жана конокторун каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.