ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы учурунда парктар иштей берет. Бул тууралуу кечээ, 18-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жыйында билдирди.
Анын айтымында, бул күндөрү шаар тургундары парктарда сейилдей алышат. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте коопсуздукту камсыз кылышат.
Айта кетсек, 31-август жана 1-сентябрда расмий делегациялар өтүүчү аймактардагы айрым соода борборлорунун иши убактылуу токтотулат. Ошондой эле айрым базарлар жабылып, 29-августтан тарта бир катар жер алдындагы өтмөктөргө чектөө киргизилет.