Кыргызстанга ташылып келе жаткан 150 килограмм коон артка кайтарылды
Жалал-Абад облусунда Өзбекстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 150 килограмм коон артка кайтарылды. Бул тууралуу 18-августта Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
"Кең-Сай" өткөрүү пунктунда аталган жүктү текшерүү учурунда тиешелүү коштоочу документтер жана фитосанитардык сертификат жок экени аныкталган.
Автор: Меерим КабыловагаФото: Айыл чарба министрлиги