Бүгүн, 19-августта хореограф Эрмек Керимбаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшүнөн видео жарыялады. Ал кадрларды социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүп, "Көчмөндөр оюндарына карата даярдык күчүндө!"- деп жазды.
Видеодо чыгармачыл топтун мүчөлөрү машыгып жатканын көрүүгө болот. Алар алдыдагы ири иш-чаранын маданий программасына даярдык көрүп жатышат.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Оюндун ачылыш аземи Бишкектеги "Бишкек Аренада" өтүп, негизги мелдештер Ысык-Көлдүн аймагында уюштурулат. Иш-чарага 90дон ашуун өлкөдөн спортчулар жана делегациялардын келиши күтүлүүдө.