Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагынан жапайы жаныбарлар фото капканга тартылып алынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, аймакта Франциянын "Осипантера" коомдук уюмунун эковолонтёрлорунун катышуусунда илимий экспедиция өткөрүлгөн. Экспедиция учурунда сейрек кездешүүчү жана өзгөчө коргоого алынган илбирсти тасмага тартып алуу мүмкүнчүлүгү жаралган.
Министрлик жарыялаган видеодо ак илбирстен тышкары бөлтүрүктөр жана башка жапайы жаныбарлар көрсөтүлөт.