Бүгүн, 19-августта, саат 05:12де Бишкек шаарында май куюучу жайдын жанындагы унаадан өрт чыгып, 4 адам жаракат алды. Маалыматты ӨКМден тастыкташты.
Маалымдалгандай, кырсык Жибек Жолу көчөсүндө катталган. Өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 05:39да толук өчүрүлгөн. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген.