Бүгүн, 20-августта Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө таза суу берүү убактылуу өчүрүлөт.
Мэрия бул чектөө жылуулук тармактарынын суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу киргизилгенин билдирди.
Чектөө саат 09:00дөн 00:00гө чейин төмөнкү даректерге тиешелүү:
Чүй проспектиси, Фрунзе көчөсү, Тыныстанов көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектисинен Ала-Арча суусуна чейин, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.