Бишкекте эки унаа уурдоо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу 31-январда Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарынан 56 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал Исанов менен Шорин көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа оңдоочу жайдан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү машинесин белгисиз адамдар айдап чыгып кетишкенин айткан. Тергөөнүн жүрүшүндө бул фактыга шектүү деп Кант шаарынын 37 жаштагы жашоочусу Ч.Сергей кармалды.
Мындан сырткары Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан “бирөөнүн унаасына уруксатсыз ээлик кылып, айдап кеткен” деп 19 жаштагы А.Айзада кармалган. Ал Жалал-Абад облусунда туулган 28 жаштагы Ш.Жыргалбекке тиешелүү унааны шаардагы мончолордун биринин алдында токтоп турган жеринен айдап качып кеткен.