Кечээ, 19-августта Бишкек шаарындагы «Алга» спорт комплексинде 2026-жылкы Кыргызстандын Суперкубогун «Барс» футболдук клубу жеңип алды.
Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, беттеште Караколдун «Барс» жана Бишкектин «Дордой» клубу кез келген. «Барс» клубунун оюнчусу Бекжан Сагынбаев 2 жолу (45+7', 47') гол киргизип, команда Суперкубоктун ээси болду.
Кубокту Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев тапшырды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттештер 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Аны рекорддук көрсөткүч менен «Дордой» клубу 6 ирет жеңген.