Кечээ, 19-августта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында бир нече адамдын топтошуп алып мушташкан видеосу социалдык тармактарда тарады.
Мушташкан өспүрүмдөрдүн баары аныкталып, Биринчи Май райондук милициясынын №5 бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция кызматкерлери тарабынан окуянын жагдайлары такталып, өспүрүмдөр менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ал эми алардын ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренеси боюнча протокол түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынган. Өспүрүмдөр кийин ата-энелерине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет.
Бишкек шаардык милициясы ата-энелерди балдарынын жүрүм-турумуна, жүргөн жерине жана баарлашкан чөйрөсүнө, өзгөчө кечки жана түнкү убакта, көңүл бурууга чакырды.