Ош шаарынын милициясы 17-18-август күндөрү "Бандит" аталышындагы операция жүргүзүлгөнүн кабарлады.
Маалыматта операциясынын жүрүшүндө мурда жасалган түрдүү 5 кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр кармалышканы айтылат. Андан сырткары мурда соттолушкан, кылмыштуу чөйрө менен жакын мамиледе делген 9 жаран милицияга жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.