Кытай 240 сааттык визасыз транзиттик мүмкүнчүлүккө укуктуу өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстанды кошту. Мындай маалыматты Кытайдын Мамлекеттик иммиграция башкармалыгы жарыялады.
Бүгүн, 20-августтан тарта визасыз режим кыргызстандыктар үчүн күчүндө. Мындай мүмкүнчүлүккө ээ болгон өлкөлөрдүн жалпы саны 57ге жетти.
Кытайдын визасыз транзиттик программасы чет элдик жарандар үчүн Кытай аркылуу үчүнчү өлкөгө бара жатканда берилет. Ал кадимки визасыз 10 суткага чейин Кытайда калууга мүмкүндүк берет. Визасыз транзиттик мезгилде чет элдик жарандар Кытайдын мыйзамдарын жана эрежелерин сактап, көрсөтүлгөн мөөнөттө белгиленген аймакта болушу керек.