Бүгүн, 20-августта көпчүлүк сүйүп көргөн, каармандарды көрүп жатып кошулуп ыйлаган түркиялык "Түбөлүктүү сүйүү" ("Kara sevda") сериалынын башкы каарманы Нихандын ролун жараткан Неслихан Атагүл 34 жашка чыкты. Актриса 1992-жылы Түркиянын Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын апасы Беларустан, атасы черкес улутунан. Актрисанын өзгөчө келбетине ушул эки маданияттын айкалышы да таасир берген.
Неслихандын ата-энеси мегаполистин жөнөкөй жашоочулары, атасы айдоочу, апасы көпчүлүк түрк айымдарындай эле үй кожойкеси болгон. Апасы кызынын талантын байкап, келечегин көрө билип колдоо көрсөтө баштаган. Ошентип кичинекей кезинде ал актрисалыкка жетүүнү өз алдына максат кылып койгон. Болочоктогу актриса сериалдарды кууп көрүп, актрисаларды туурап киного тартылгысы келчү. Атагүлдүн карьерасы алгач жарнамалык роликтерге тартылуу менен башталган.
13 жашында алгачкы ирет "Биринчи сүйүү" аттуу тасмага тартылып, жергиликтүү кинофестивалда "Келечектен көптү үмүттөндүргөн актриса" наамына арзыган. Актрисалык дареметин көргөн киносынчылар Неслиханды бир ооздон келечекте башкы ролго татыктуу актриса болот деп жоромолдошкон. Алар чынында жаңылышкан эмес. Мектепти аяктагандан кийин Стамбул университетинин театр факультетинде билим алган. Ошентип, экран алдындагы тажрыйбасын атайын кесиптик билим менен толуктаган. Андан кийин Неслихан көптөгөг түрк тасмаларында, сериалдарында роль жараткан. Ал эми бүтүндөй Түркияга "Жашоо улана берет" тасмасындагы башкы каарман Элифтин ролу менен таанылган. Жаш болгонуна карабай 2012-жылы тартылган "Кат" тасмасындагы Зехранын ролу үчүн ата мекендик жана эл аралык сыйлыктарга татыган.
2015-2017-жылдары "Түбөлүктүү сүйүү" тасмасынын 2 сезонуна тартылды. Неслихандын аталган сериалда баш каарман Нихандын образын жаратып, көрүүчүлөр ал ыйласа ыйлап, күлсө кошо күлүп келишкен. Өнөктөшү Бурак Өзчивит менен сүйүү түбөлүктүү болорун далилдеп, сериалдын планында жок 2-сезонун тартууга түрткү болушкан. Эң башкысы, бул сериал сулуулугу менен таланты жуурулушкан Неслиханды дүйнөгө таанытты. 2017-жылы "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы Американын Нью-Йорк шаарында өткөн "Эмми" эл аралык сыйлыгынын 45-тапшыруу аземинде "Эң мыкты чет элдик теленовелла" наамына татыган.
Актрисанын сырткы келбетиндеги өзгөчөлүктөрдүн бири - көзүнүн алдындагы шишиктер. Айрым маалымат каражаттары бул өзгөчөлүктөн улам пластикалык операция жасатканы тууралуу жазып келишкен. Бирок Неслихан мындай маалыматтарды четке кагып, өзүнүн табигый келбетин кандай болсо, ошондой кабыл аларын айткан. Актрисалыктан тышкары моделдик кесибин улантып келет. Неслихан Атагүл келбетине өзгөчө көңүл буруп, тамакты мүнөздөп жеп, йога менен машыгат. Атагы артып турса да кымбат баалуу кийим, гаджеттерге көп кызыкпайт.


Актриса тууралуу кызыктуу фактылар


Көк көзү менен популярдуу болгон Неслихан түрк киносунун бермети аталып келет. "Стамбулдун эки жүзү" сериалы Неслиханды болочоктогу жолдошу Кадир Догулу менен жолуктурган. Тасмада сүйүктүүлөрдү ойногондор сезимдерин сериалдан тышкары да улантып, 2 жыл кыз-жигит болуп жүрүп 2016-жылы 8-июлда баш кошушкан. Түгөйлөр 2025-жылы уулду болушуп, ага Азиз аттуу ысым коюшкан. Бүгүнкү күндө Неслихан Атагүл түрк шоу-бизнесиндеги өзгөчө стили жана актёрдук таланты менен айырмаланган белгилүү актрисалардын бири.
20-августка карата жылнаама.