Ош шаарынын мэриясы калаа тургундарын "Унаасыз бир күн — велосипед менен жумушка!” аталышындагы масштабдуу экологиялык челленжине катышууга чакырды.
Челленж ар аптанын жума күндөрү өтүп, 5-октябрга чейин уланат. Алгачкы старт 28-август күнү берилет. Эң активдүү катышуучуларга сыйлыктар берилет. Баш байге велосипед.
- Бир күнгө унаадан баш тартып, жумушка велосипед менен баруу.
- Велосипед менен түшкөн сүрөт же видеону социалдык тармактарга жарыялоо.
- Постко 2-3 кесиптешти же досту белгилеп, челленжди улантууга чакуу.