Биз социалдык тармакта

Алтайда аюу туристти чатырдан сүйрөп кетти (видео)

Кечээ, 19-августта, Орусиянын Алтай Республикасында аюу турист кызды чатырдан сүйрөп кеткен. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирди.

Каргашалуу окуя Артыбаш айылындагы туристтик базада болгон. Аюу Бия дарыясынын жээгинде тигилген чатырга кирип, 29 жаштагы туристти сүйрөп чыгып, токойго алып кеткен.

Жергиликтүү тургундар жырткычты токтотууга аракет кылышкан, бирок аюу аларга да атырылган. Кыз алган оор жаракаттарынан улам каза болгон.

Кийинчерээк социалдык тармактарда окуя болгон жердеги чатырдын кадрлары жарыяланды.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, жаныбарга карата кандай чара көрүлөрү белгисиз бойдон калууда.

Алтайда аюу туристти чатырдан сүйрөп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан