Биз социалдык тармакта

Экс-депутат Эмил Жамгырчиев азыркы депутаттарды сынга алды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев парламенттин учурдагы депутаттарын коомчулукта талкуу жараткан маселелер боюнча позицияларын ачык билдирүүгө чакырды.
Ал акыркы убакта коомчулукта кен байлык, кытайлык инвесторлор, жарандык активисттердин камалышы, бажы жана Мамлекеттик ипотекалык компаниядагы коррупциялык схемалар тууралуу маалыматтар талкууланып жатканын белгиледи.
"Жер кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөр коомчулукта бир катар суроолорду жаратып, Президенттин дарегине сын-пикирлер айтылууда. Тилекке каршы, эл өкүлдөрү коомчулука кабыл алган чечимдери боюнча жеринен түшүндүрмө берүүнүн ордуна, президенттин атынан Дайырбек Орунбековдун жооп берүүсү коомчулукта түшүнбөстүк жаратууда. Мындай мамиле нааразычылыкты күчөтүп, бийликке болгон ишенимге терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.
Президенттин саясатын Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана бир-эки гана депутат ачык колдоп чыкты. Калган депутаттар болсо, адаттагыдай эле, өз позициясын ачык билдирүүдөн карманып, "Камчыбек Ташиев бийликке кайра келип калабы?" деп баягы эле эки кеменин башын кармоо аракеттеринде. Депутаттын позициясы учурдагы саясий кырдаалга же кимдин бийликке келерине жараша өзгөрбөшү керек, бир кемеде болгон соң, жоопкерчиликти чогуу тарта билиш керек", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан