Өлкөдө АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин, дизель отунунун жана автогаздын жеткиликтүү бааларын кармап турууга мүмкүндүк берген механизм иштеп жатат.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдиргендей, мунай трейдерлери иш жүзүндө күйүүчү майды кымбат сатып алып, жарандарга арзан сатууда. Анын ортосундагы сумманы мамлекет төлөп берип жатат.
Мисалы АИ-92 бензинин наркы 111-118 сом болсо, ал 88 сомдон сатылууда. Ортодогу 23,1ден 30,1 сомго чейинки бөлүгүн мамлекет компенсациялайт. Бүгүнкү күнгө карата мунай трейдерлерине болжол менен 1 миллиард сом субсидия төлөнүп берилген.