Ош шаарындагы борбордук базардын мурдагы ордуна жаңы маданий, туристтик эс алуу комплекси курулат. Бүгүн, 20-августта, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жана аталган жайдын менчик ээлери ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюлганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, долбоордун алкагында байыркы Оштун тарыхын жана маданиятын чагылдырган этно-борбор, эс алуу жайлары жана соода түйүндөрү каралган.
"Жаңы комплекс менчик ээлери тарабынан ири көлөмдөгү инвестициянын эсебинен курулат. Компенсация маселеси да долбоордун алкагында каралат. Курулуш иштерин 1-сентябрдан тарта баштоо пландалууда", - деп белгиленди маалыматта.