Бүгүн, 20-августта Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдары 1-сентябрдан тарта кадимки тартипте иштей турганын билдирди.
Буга чейин Кыргызстанда окуу жылынын башталышы мектептер, орто кесиптик жана жогорку окуу жайлар үчүн 15-сентябрга жылдырылган. Мындай чечим Бишкек жана Ысык-Көл облусунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитин өткөрүүгө байланыштуу кабыл алынган.
Министрлик окуу жылынын башталышын жылдыруу мектепке чейинки билим берүү системасына тиешелүү эмес экенин белгиледи. Ошондуктан мамлекеттик бала бакчалар балдарды календардык планга ылайык кабыл алат.