"Кыргыз темир жолу" ишканасы өлкөдөгү темир жолдордун тарыхын жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунунун курулушунун маанисин чагылдырган видео материал жарыялады.
Видеодо Кеңеш өкмөтү Кыргызстанга алгачкы темир жолдорун салганы, андан ары Исхак Раззаковдун аткарган иши жана эгемендүү Кыргызстандагы Садыр Жапаровдун аракети баяндалат.
Ал эми ишкана тараткан маалыматта: "Долбоордун алкагында 50 көпүрө жана 29 тоннель куруу каралганы айтылат. Бул темир жол каттамынын болжол менен 40 пайызы тоннелдер жана көпүрөлөр аркылуу өтөт. Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун жалпы узундугу 304,94 чакырымды түзөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Чыгыш Азиядан Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Европа өлкөлөрүнө чейинки аралык болжол менен 900 чакырымга кыскарып, жүк жеткирүү мөөнөтү 10 суткага чейин азаят", - деп айтылат.