Биз социалдык тармакта

"Вефада" 3-кабаттан кулаган 5 жаштагы бала эсине келе элек

Бишкектеги "Вефа" соода борборунда 3-кабаттан кулап кеткен 5 жаштагы баланын учурдагы абалы айтылды.

Саламаттык сакто министрлигинин маалыматына ылайык, бала кечээ өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылган. Учурда ал өз алдынча дем алып жатат. Наристе азырынча эсине келе элек. Абалы туруктуу оор бойдон калууда.

Эске салсак, бала 11-августта "Вефа" соода борборунда бийиктиктен кулап, ооруканага жеткирилген.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан