
Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү "ГЛАСС ЦЕНТР" ишканасы август айынын аягында ишке киргизилет.
Экономика министрлиги маалымдагандай, 300 жаңы жумуш орду түзүлүп, өндүрүш кубаттуулугу айына 12 миң чарчы метрди, жылына 144 миң чарчы метрден ашык продукцияны өндүрүшү күтүлүүдө.
Ишканада айнек пакеттер жана жарыкты чагылдыруучу айнектер өндүрүлөт.