Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда бир жылда 1208 чакырым жолго асфальт төшөлдү

19-августка карата бир жылда өлкө боюнча 1208 чакырым жол асфальтталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. 2025-жылдын ушул мезгилинде 597 чакырым жолго асфальт төшөлгөн болсо, быйыл бул көрсөткүч 611 чакырымга көбөйдү.

Учурда өлкөнүн бардык аймактарында жолдорду куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштери уланып жатканы маалыматта кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан