
Мамлекеттик бажы кызматы Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген 4 унааны аныктады.
Маалымдалгандай, текшерүү учурунда унаалардын транзиттик декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбестиги аныкталган. Документтеги унаалар менен иш жүзүндөгү унаалар такыр башка болгон.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын орду эки эселенген өлчөмдө – 1 миллион 430 миң 465 сом өндүрүлдү.