Украинанын борбору Киев шаарында жана Киев облусунун айрым аймактарында бүгүн үчүнчү жолу аба кооптуулугу жарыяланды.
Украинанын Санариптик трансформация министрлигинин онлайн-картасына ылайык, кооптуу сигнал Бишкек убактысы боюнча саат 15:59да берилген. Украинанын аба күчтөрү кооптуу сигнал учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) коркунучу менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдиришкен.
Учурда аба кооптуулугунун так себептери боюнча расмий маалымат айтыла элек. Бийлик тургундарды коопсуздук эрежелерин сактап, жакынкы баш калкалоочу жайларга өтүүгө чакырууда.