Ош шаарында 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, 20-августта өткөн жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жетектеп, анда тиешелүү мекеме-ишканалардын кышка даярдык иштери талкууланды.
Маалыматка караганда, «Ош шаарынын жылуулук электр борборунда» 3 буу казаны жылуулук берүүгө даярдалууда. Учурда 3 115,3 тонна мазут жеткирилген.
Ал эми «Ошжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасына караган 111 откананын 74ү даяр болду. Көмүрдүн жалпы запасы 6 153 тоннаны түзөт.
Мындан тышкары, электр тармактарында, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде да кышка даярдык иштери жүрүп жатат.
Жыйындын соңунда жооптуу жетекчилерге жылытуу мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырылды.