Бүгүн, 21-августта Каракол шаарында дагы бир жаңыланган эс алуу жайы тургундар үчүн эшигин ачат.
Мэриядан билдиргендей, Пушкин атындагы парк толугу менен жаңыланып, заманбап жана ыңгайлуу коомдук мейкиндикке айланды. Парктын аймагы көрктөндүрүлүп, сейилдөө жана үй-бүлө менен эс алуу үчүн шарттар түзүлдү.