Белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келерин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Маданият министрилиги билдирди.
Маалым болгондой, актриса кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда өлкөгө келип, Кыргызстандын маданияты, каада-салты жана Көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасы менен таанышууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.