Threads социалдык тармагынын колдонуучусу бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды тараткандыгы үчүн кармалды.
УКМКдан 21-августта маалымдашкандай, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Маалыматтык-коммуникациялык тармактарды пайдалануу менен бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран мыйзамсыз мазмундагы жарыялоолорду жайгаштырууга тиешеси бар экенин мойнуна алды. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.