Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаңы сквер курулууда

Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда жаңы сквер курулууда. Кечээ, 20-августта мэр Айбек Жунушалиев жеринде болуп, көрктөндүрүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

Мэриядан билдиргендей, скверде балдар аянтчасы, унаа токтотуучу жай, автоматтык сугаруу системасы, жарыктандыруу жана улуттук спорт үчүн аянтчалар курулат. Учурда тротуарларга таман таш төшөө, бетон куюу жана башка иштер жүрүп жатат.

Мэр жаңы сквер тургундар үчүн эс алууга жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу жай болушу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан